Калаанын дагы бир конушуна газ киргизилди
- Подробности
- Опубликовано 20.06.2017 11:17
«Балбан-Таймаш» жаӊы конушуна жаратылыш газы бериле баштады.
Аталган иш-чарага Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы «Бишкекгаз» филиалынын директору Манас Акматбеков катышты. Аталган конуштун 1400 тургуну жаратылыш газы менен камсыздалды.
Учурда Биринчи май районунун 16 жаӊы конушунун 7 конушу газ менен камсыз болду. Газга кошулган газ түтүгүнүн жалпы узундугу 31 км түзөт.
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы «Бишкекгаз» филиалынын өндүрүш планы боюнча 2017-жылдын октябрь айында «Көлмө» жаӊы конушуна, ошондой эле 2018-2019-жылдары «Аска-Таш», «Достук», «Маданият» жана «Алтын-Бешик» жаӊы конуштарына газ берүү пландалууда.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |