ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек мэриясы мектептер үчүн жер бөлүү маселесин кароого даяр

Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминовдун сунушуна мамлекеттин же инвесторлордун каражатына билим берүү мекемелерин куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин кароого даяр экенин билдирет.

Белгилей  кетсек,  бүгүнкү күнү Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушунда 660 орундуу, Ак-Ордо жаңы конушунда 960 орундуу, ал эми Мурас-Ордо жаңы конушунда 450 орунга эсептелген мектептердин курулушу жүрүп жатат.


Жал кичирайонунда КЭР инвесторлорунун колдоосу менен 600 орундуу мектеп курулуп бүткөрүлдү, ошондой эле №25 орто мектептин капиталдык оӊдоо иштери башталды.