«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы отунга муктаж болгон жарандарга бекер отун таратат
- Подробности
- Опубликовано 19.06.2017 11:55
«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, 2017-жылдын 12-майындагы Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын «2017-2018-жж. күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү» токтому менен отунга өтө муктаж болгон тургундарга кайтарымсыз негизде бекер отун таратуу иштери башталды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бекер отун таратылат.
Отун таратуу калаанын төрт районунда этап менен жүргүзүлөт. Учурда Ленин районунун муктаж тургундарына таратылууда.
«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиев, телефон: 37-53-30.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |