ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ардактуу апалар!

Бардыгыңыздарды эң салтанаттуу күн - Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ушул жаркыраган майрам күнү бизди жарык дүйнөгө алып келген, энелик мээримин төгүп, түмөн түйшүктүү эмгек менен, зор мээнет менен тарбиялап өстүргөн ардактуу апаларыбызга таазим этип, терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Үйүбүздүн, куту, жашообуздун көркү болгон кымбаттуу апалар!


Жашоо Сиздерден башталып, Сиздер менен уланууда. Сиздердин акыл-насаатыңыздар , ак батаңыздар менен өсүп-өнүгүп жатабыз.


Сиздерге узун өмүр, бакубат жашоо каалап, уул-кыздарыңыздардын сый-урматына бөлөнүп, ар дайым жакшылыктын үстүндө жүрүңүздөр демекчимин.


Тереӊ урматтоо менен,
Бишкек шаарынын мэри                                Албек Ибраимов