ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кесиптер жарманкеси өткөрүлдү

Бишкек шаарынын борбордук китепканасында (Чокморов көчөсү №246)  кесиптер жарманкеси өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чарага И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин, №4 кесиптик лицейинин студенттери катышып, калаанын №70 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучуларына өздөрүнүн окуу жайлары тууралуу айтып беришти.


Жарманкенин максаты бүтүрүүчүлөрдү туура кесип тандоого багыттоо жана ЖОЖдор тууралуу толук маалыматтарды жеткирүү  болуп саналат.