ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте дүкөн жана эки тандыр алынды

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Исанов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Амина» дүкөнү жана ага тиешелүү эки тандыр буздурулду.


Жакын арада мыйзамсыз курулган бир нече объект буздурулат. Эскерте кетсек, 2017жылдын 1-кварталында Ыкчам штабдын иштеринин алкагында 1100 мыйзамсыз объектилер алынды.


Түрттүрүү иштери Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат.