ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүү улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө «SOBEK» ЖЧКсы унаа жуучу жайынын кызматкерлери Ибраимов жана Линейная көчөлөрүнүн кесилишине (көпүрө) курулуш таштандыларын чогултуп жаткандыгы жана аталган жер антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Байжанов В.В.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.