ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар тургундары калааны тазалоого катышышты

Өткөн ишемби күнү калаанын бардык райондорунда ишембиликтер өткөрүлдү.

Ишембиликке 90 уюм, мекеме жана 6 миӊ 223 адам катышып, 17 бирдик техника тартылды.


Ленин районунда районду тазалоо иштерине 16 уюм жана мекемеден 1 миӊ 591 адам катышып, 4 бирдик атайын техника тартылды. Ишембиликтин катышуучулары имараттардын, үйлөрдүн жана райондун аймагын тазалашты.


Октябрь районунда ишембиликке 29 уюм жана мекемеден 1 миӊ 525 адам катышып, 4 бирдик атайын техника тартылды. Ишембиликтин катышуучулары «Физкультурный» гүл бакчасын, Жеӊиш паркын жана үйлөрдүн, имараттардын айланаларын тазалашты.


Биринчи май районунда ишембиликке 19 уюм жана мекемеден 817 адам катышып, медициналык жана окуу мекемелердин айланалары тазаланды. Тазалоо иштерине 4 бирдик техника тартылды.


Ишембиликке Свердлов районунан 26 уюм, жалпысынан 2 миӊ 290 адам катышып, 5 бирдик техника тартылды. Муниципалдык администрациянын аппаратынын кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери, райондун аймагында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери, окуучулары ишембиликке катышышты. Жалпысынан 64 уюм демилгени колдоп, райондун аймагында ишембилик өткөрүштү. Ишембилик Үсөнбаев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен Каражыгач токоюна чейин өткөрүлдү. Ошондой эле ишембиликке райондук администрациянын башчысы Самарбек Болотбеков да жигердүү катышып, биринчилерден болуп уяларды орнотту. Райондун аймагына жалпысынан 100 гө жакын уя орнотулду. Иш-чаранын соӊунда уюмдардын жана жалпы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.


Ишембиликтен кийин 290 куб метр таштанды чыгарылды.