ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов пландык жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар  залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында 30-мартта пландык жыйын өткөрүлдү. Жыйын шаардык кызматтардын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2016-2017-жылдарга карата жылытуу мезгилинин аякташы, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн деталдуу пландоо планын иштеп чыгуу жана бекитүү талкууланды.
Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Канатбек Эшатовдун билдирүүсү боюнча, от жагуу мезгили учурда үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. От жагуу мезгилинде 714 турак үйлөрдөгү жана 106 магистралдык  бузулуулар  четтетилди.  Үйлөрдөгү жылуулукту өчүрүү дагы эрте, анткени аба-ырайынын суук болуусу күтүлүүдө.


Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн деталдуу пландоо планын иштеп чыгуу жөнүндө доклады менен Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев чыгып айтып берди.


Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жаӊы конуштарын газдаштыруу жана калк арасында газды киргизүү иштери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  маселелери көтөрүлдү.


«Газпром» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалынын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, азыркы учурда калаанын 10 жаӊы конушунда газ түтүктөрүн оӊдоо иштери жыйынтыкталды. Үйлөрдүн сыртынан газ түтүгүн тартып өтүү үчүн 100 пайыз макулдук керектигин, бул үчүн жарандардын үйүнүн ичине газ киргизүү ишинин баасын арзандатуу боюнча акция жүрүп жатат. Бирок жарандарда активдүүлүк жок. Аталган жаӊы конуштардагы 2438 үйдүн ичинен 143 үйгө гана газ киргизилгени белгилүү болду.


Жыйындын соӊунда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов райондук администрацияларга  конуштарды газ менен камсыздоо ишинин алкагында жарандарга түшүндүрүү иштерин жандантуу тапшырмасын берди.