ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жеӊилдетилген типтеги объектилер алынууда

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн.

Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында 2017-жылдын башынан бери мыйзамсыз орнотулган 910 объект алынды. Анын ичинен: 117 жеӊилдетилген типтеги объект (кафе, унаа жуучу жайлар, күркөлөр), 14 капиталдык курулуш жана 779 жарнама конструкциялары. Мыйзамсыз объектилер  аныкталган учурда объектилердин  инженердик түйүндөрүн  өчүрүү боюнча бардык чаралар көрүлөт.


Штабдын курамына  КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Жер бөлүштүрүү жана курулуш башкармалыгы, Жер ресурстар башкармалыгы, “Бишкекбашкыархитектура” МИси жана коммуналдык кызматтар кирет.