ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте балдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча «Мэрдин кубогуна» мелдеш өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2017-жылдын 30-мартынан 2-апрелине чейин балдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча «Мэрдин кубогуна» мелдеш өткөрүлөт.

Спорттук иш-чара «Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия жана ден соолукту чыӊдоо спорттук комплексинде өтөт.


Спорттук мелдеш спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, грек-рим жана эркин күрөштү жайылтуу жана балдарды спортко үндөө, ошондой эле шаар тургундарын дене тарбия менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлүүдө.


Аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы менен биргеликте уюштурууда.


Мелдешке 2000-2003-жылы туулган Бишкек шаарынын, өлкөнүн бардык дубандарынын жана чет өлкөлөрдүн спортчулары катышат.  Мелдеш 36 кг, 39кг, 42кг, 46кг, 50кг, 54кг, 58кг, 63кг, 69кг, 76кг, 85кг, 100 кг чейинки   салмактык категорияда өтөт.


Спорттук мелдеш 30-мартта саат 9:00дө башталат. Мелдештин ачылышы 30-март саат 12:00.