ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы дагы бир имаратты кайтарып алды

Бишкек мэриясынын Свердлов райондук администрациясы райондор аралык сотто мурда бала бакча жайгашкан имаратты кайтаруу боюнча сот процессин утуп алды.

Учурда мурдагы бала бакчанын имаратында арак-шарап продуктуларынын тыгындарын чыгарган жеке ишкана жайгашкан. Бирок, 2000-жылга чейин имарат 140 орундуу бала бакча катары колдонулган.
Бишкектин райондор аралык соту “Кызыл куруучу” кичи районунда жайгашкан бала бакчанын имаратын сатуу келишимин жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, өкмөткө жана башкы прокуратурага мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 1999-2000-жылдары мыйзам бузуулар менен менчиктештирилген имараттарын кайтаруу чараларын күчтөндүрүү тапшырылган.