ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы жардамга муктаж шаар тургундарына жардам беришти

Свердлов районунун балдар иши боюнча комиссиянын мүчөлөрү «Балдарды коргоо борбору», «Элим барсыӊбы?»,  «Архитектура мира», «Балдар айылы»  коомдук фонддору менен биргеликте Свердлов районунун аймагында жашаган төрт үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү.

Комиссиянын мүчөлөрү оор турмуштук кырдаалда жашаган үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү тапшырышты. 9 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызга майып арабасы, кеӊсе буюмдары, ошондой эле азык-түлүктөр  берилди. Жардам көрсөтүү учурунда бала эч жерде катталбагандыгы жана эч кандай жөлөк пул албагандыгы маалым болду. Буга байланыштуу балдар менен иштөө комиссиясы балага жардам көрсөтүү боюнча маселени чечет.


Белгилей кетсек, Свердлов районунун балдар менен иштөө комиссиясы оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө гуманитардык, психологиялык, материалдык, юридикалык жана медициналык жардамдарды  көрсөтүп келет.


Мындан тышкары, комиссия оор абалдагы үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн демөөрчүлөрдү тартууну пландоодо.