ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар тургундары таштандыларды өрттөп, көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларын бузгандарды аныктоо боюнча рейд өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Дордой-1» жаӊы конушу №553 дарегинин жашоочусу тигүү калдыктарын өрттөп жаткандыгы жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан аталган даректин ээси Кудайбердиев А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.