Бишкекте окуучулар арасында өткөрүлгөн шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылды
- Подробности
- Опубликовано 22.03.2017 10:17
№13 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында жалпы билим берүү сабактары боюнча шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрдү куттуктоо салтанаты өткөрүлдү.
Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлигинин, И.Раззаков атындагы КМТУнин профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.
Олимпиаданын башкы максаты болуп окуучулардын илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү саналат. Окуучулардын олимпиадасы 2017-жылдын 27 жана 28-февралында И.Раззаков атындагы КТУ жана №13 мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Ага калаанын жалпы билим берүү мекемелеринен 327 окуучу катышты.
Шаардык олимпиадада калаанын мектептеринен 95 окуучу жеңишке ээ болду. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын IV этабына катышышат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |