ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Нооруз майрамынан кийин 30 куб таштанды чыгарылды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан Нооруз майрамынан кийин калаанын борбордук аянтынан жана анын айланасынан 30 куб таштанды чыгарылды.

Шаардык кызматтардын кызматкерлери майрамга карабастан кечки саат 21:00дон баштап түнкү саат 02:00го чейин тазалашты.  Тазалоо иштерине «Тазалык» МИнин 60 кызматкери, 5 бирдик атайы техника жана 3 суу чачуучу унаа тартылды.


Учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана МАБдардын кызматкерлери таӊ эртеден баштап штаттык режимде иштеп жатышат.


Урматтуу шаар тургундары! Таштанды чыгаруу боюнча арыздарды сүрөттөрү менен төмөнкү номерлерге жибере аласыздар.


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.


Ошондой эле арыздарды Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына, 1840 номерине жана сүрөттөрү, так даректерин көрсөтүү менен 0554-182-185 номерине калтыра аласыздар.