ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жаш мугалимдер шаар тургундары үчүн концерт уюштурушту

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынынн билдирүүсү боюнча, №3 музыкалык мектепте жаш мугалимдер тарабынан концерт өткөрүлдү.

Концертке музыкалык мектептерде иштеген жаш мугалимдер катышты. Көрүүчүлөргө кыргыз эл чыгармалары, эстрада жанрындагы жана классикалык музыкалар тартууланды. Концертке шаар тургундары, окуучулар жана ата-энелер, музыкалык мектептердин директорлору жана мугалимдери катышты.


Аталган концерт  КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин "2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгынын алкагында жана шаар тургундарын музыканы сүйүүгө чакыруу максатында өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы -  Букеев Мисиралы Каракойчиевич (59-47-35).