ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жаш усталар сынагы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Ленин райондук Жаш техниктер станциясында «Илим жана техника жумалыгы» сынагы өткөрүлдү.

Сынак техникалык, маалыматтык – кол өнөрчүлүк жана көркөм-эстетикалык багытында өттү.


Аталган сынактын жыйынтыгы боюнча 60 баланын жасаган иштери тандалып, жеӊүүчүлөр аныкталды. Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо жана белектерди тапшыруу иш-чарасы 2017-жылдын 20-мартында саат 11:00до Л.Толстой көчөсү №144\2 дарегинде жайгашкан Жаш техниктер станциясында өткөрүлөт.


Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы - Мейрманова Сауле Жаксылыковна (61-39-72).