ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте окуучулар арасында өткөрүлгөн шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылат

2017-жылдын 17-мартында саат 11:00до №13 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында жалпы билим берүү сабактары боюнча шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрдү куттуктоо салтанаты өткөрүлөт.

Олимпиаданын башкы максаты болуп окуучулардын илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү саналат. Окуучулардын олимпиадасы 2017-жылдын 27 жана 28-февралында И.Раззаков атындагы КТУ жана №13 мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Ага калаанын жалпы билим берүү мекемелеринен 327 окуучу катышты.


Шаардык олимпиадада калаанын мектептеринен 95 окуучу жеңишке ээ болду. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын IV этабына катыша алышат.


Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы №69 мектеп-гимназиясынын базасында чет тилдер боюнча- кытай, корей, немис, француз тилдери боюнча олимпиада өткөрүлүп, ага 114 окуучу катышты.