Оңдоо иштерине байланыштуу калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат
- Подробности
- Опубликовано 15.03.2017 09:31
“Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2017-жылдын 16-мартында саат 9:00дон 17:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу токтотулат.
“Түштүк - Батыш” жана “Гагарин” суу алгычтарын оңдоо иштерине байланыштуу Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайков көчөлөрүндө жана “Ак-Өргө” конушунда, анын ичинде: “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” жаңы конуштарында, Ленин районунун Аскердик комиссариатында, №55 орто мектебинде, “Яшар” ЖЧКсында, Гагарин көчөсү боюнча “Бишкекжылуулукэнерго” буу казанында, жер бөлүштүрүү инститиутунда жана №5 мончодо, ошондой эле «Кока-Кола», «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКларында, «Лина» фирмасында, «Кыргызконьягы» ЖЧКсында, «Комбинат» ЖЧКсында таза суу берилбейт.
Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана суу камдап алууларын суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |