ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

14-мартта калаанын айрым жерлеринде таза суу токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 14-мартта саат 9:00дон 17:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт.

«Белинский» суу алгычын оӊдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Калык Акиев, Күрөӊкеев, Логвиненко жана  Чүй, Панфилов, Жибек-Жолу, Абдрахманов жана  Абдымомунов көчөлөрүндө, анын ичинде: Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында, Кожомкул атындагы спорт сарайында,  «Фабертэк» ЖЧКсында, шаардык гинекологиялык №3 ооруканасында, «Жапан Стайл» дүкөнүндө, «Океан» дүкөнүндө, «улуттукстаткомитетинде»", «Пекин» ресторанында, Кыргыз мамлекеттик университетинде, Мамэпидкөзөмөл департаментинде,  «Спартак» спорт аянтында, "Телеком", Кыргыз билим берүү академиясында, Кыргыз драм театрында, Улуттук китепканада, Биринчи май ркайондук администрациясында, Т.Молдо көчөсү –Жибек-Жолу проспектисинин кесилишиндеги энергосатуучу мекемеде,  Панфилов – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги КР Президентине караштуу мамлекеттик академияда, Жибек-Жолу – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги Свердлов районунун билим берүү борборунда таза суу токтотулат.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундары, мекеме, уюмдарды таза суу камдап алууларын суранат.