ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кургак учук менен күрөшүүгө багытталган тегерек стол өткөрүлөт

2017-жылдын 14-мартында №15 ҮМБ саат 9:00до Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө жана 2017-жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейинки өткөрүлө турган айлыгына арналган «Курак учукту алдын алуу» аталышта тегерек стол өткөрүлөт.

Тегерек столду Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо борбору өткөрөт. Тегерек столго кургак учукка каршы шаардык борбордун дарыгерлери, МАБдардын, ТЭШтердин өкүлдөрү, кварталдык комитеттер, саламаттык боюнча коомдук комитеттердин мүчөлөрү, №6, 11 жана «Асанбай» кичи райондорунун тургундары, саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери катышат.


№ ҮМБ 6-кичи району №1үйүндө  (Сухэ-Батор-Юнусалиев көчөлөрү) жайгашкан.


Маалымат үчүн:


Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен жыл сайын 24-мартта белгиленет. Дал ушул күнү немец микробиологу Роберт Кох кургак учук таякчасын ачкандыгы тууралуу билдирген. Бул күндү белгилөө дүйнө коомчулугунун назарын кургак учукту алдын алуу жана дарылоо маселесине бурдуруу болуп саналат.


Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы - Кулбатыров Кубанычбек Дуйшенович (31-87-80).