ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы айымдарды 8-март Аялдардын эл аралык кʏнʏ менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясын жана калаанын райондору тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык кʏнʏнɵ арналган иш-чаралар ɵткɵрʏлдʏ.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын 1 миӊ айымы ʏчʏн, анын ичинде Бишкек шаарынын ардактуу тургундары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тылда эмгектенгендер, депутаттар ʏчʏн майрамдык концерт тартууланды. Чакырылган айымдарды КР президентинин аппарат жетекчиси Сапар Исаков, КР биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев, калаа башчысы Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеӊешинин тɵрагасы Канатбек Музуралиев куттуктады.
 
«Урматтуу айымдар! Сиздерди 8-март Аялдардын эл аралык кʏнʏ менен чын жʏрɵктɵн куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, бакыт-таалай каалайм»,-деди мэр.
 
 
Айымдар ʏчʏн музыкалык жана балдар чыгармалылык бий  топторунун, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу концерттик программа тартууланды. Концерттин аягында бардык айымдар ʏчʏн белектер тапшырылды.
 
Кыргыз Улуттук консерваториясында Октябрь райондук администрациясы чоӊ концерттик программанын коштоосунда салтанаттуу иш-чара ɵткɵрдʏ. Иш-чарага коомдук ишмерлер, шаардын ардактуу жарандары, баатыр энелер, Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлери катышты. Калаа башчысы Албек Ибраимовдун атынан вице-мэр Айгʏл Рыскулова куттуктап, айымдарга бекем ден соолук, бакыт –таалай каалады.
 
Ленин райондук администрациясынын майрамдык иш-чарасы Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында ɵткɵрʏлдʏ. Иш-чарага 1100 айым катышты. Айымдар ʏчʏн кызыктуу концерттик программа тартууланып, белектер тапшырылды. Район башчысы Нурдин Тынаев Ленин районунун ɵзгɵчɵлɵнгɵн айымдарына ардак грамоталарды тапшырып, жаз майрамда жакшылыктарды каалады. 
 
Свердлов райондук администрациясы тарабынан 8-март айымдардын эл аралык кʏнʏнɵ арналган азем Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ɵткɵрʏлдʏ. Салтанаттуу иш-чарага 1200 райондун айымы катышты. Айымдар ʏчʏн концерттик программа тартууланып, белектер тапшырылды.
 
Биринчи май райондук администрациясынын майрамдык иш-чарасы Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында ɵткɵрʏлʏп, иш-чарага 650  баатыр энелер, коомдук ишмерлер, райондун активдери катышты. Чакырылган айымдар ʏчʏн кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа тартууланды. Аким Аскербек Алиев айымдарды куттуктап, белектерди тапшырды.