ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы дүкөн түрттүрүлдү

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ала-Тоо кинотеатрынын түндүк-батыш тарабына мыйзамсыз орнотулган дүкөн түрттүрүлдү. Ошондой эле Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанындагы Түгөлбай –Ата көчөсү, 53 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз көтөрүлгөн дубал буздурулууда.


Түрттүрүү иштери Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат.


Жакын арада мыйзамсыз курулган бир нече объект буздурулат.


Ыкчам штабдын төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев. Телефон: 61-08-20.


Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору  Талант Иманакун уулу. Телефон 0557 55 70 58, 89 19 26.


КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына караштуу Бишкек шаарынын мамлекеттик регионалдык башкармалыгынын башчысы Мелис Абдиев. Телефон: 56-49-80; 90-12-60.

КР Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин сот аткаруучулар түзүмдүк бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Пирназаров. Телефон: 58- 09 -95.
Бишкек шаарынын башкы прокурору Кубанычбек Бейшекеев . Телефон: 32-34-10.