ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын дүкөндөрүнүн биринде мамлекеттик желек тосмо катары колдонулууда

Медеров-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде  жайгашкан дүкөндүн ээлери  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгиси болгон желекке  аяр мамиле жасабагандыгы аныкталды.

Дүкөндө иштегендер желекти тосмо катары колдонуп келишкен. Мындай аракет мамлекеттик символикаларга сый-урмат менен мамиле жасабагандык катары эсептелет. Бул фактыны Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд учурунда аныктаган. Андагы кызматкерлер желекти алып салууга каршылык көрсөтүшкөн.


Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары жана өлкө аймагындагы башка кишилер мамлекеттик символдорго сый-урмат менен мамиле кылууга милдеттүү. Желек, герб же гимнди мазактагандар мыйзам боюнча жоопко тартылат. Кылмыш кодексине ылайык, 5-10 миң сом айып пул же бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.


Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун сыйлоого чакырат.