ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жеке кабыл алуусу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун шаар тургундарын жеке кабыл алуусу өткөрүлдү.

Кабыл алууда мыйзамсыз курулуш, жер тилкесин бөлүү жана шаар тургундарын үй менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.


Калаа башчысы көйгөйлөрдү тиешелүү кызматтарга жана муниципалдык райондук администрациялардын башчыларына тез арада чечүүнү тапшырды.


Маалымат үчүн:


Бишкек шаарынын мэриясында шаар тургундары үчүн «Бирдиктүү терезе» иштейт. Шаар тургундары арыздарын калтырып, мэрдин жеке кабыл алуусуна жазыла алышат.


Бирдиктүү терезе саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт. Дареги: Чүй проспектиси №166. Телефон: (61-07-05).


Мындан тышкары, шаар тургундары Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин жеке кабыл алууларына жазыла алышат.


Экономика маселелерин боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Э.Зарлыков. телефон: 62-58-26.

Транспорт меселелери  боюнча вице-мэр  Милицкий Г.А. Телефон: 61-36-80.


Курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Дюшембиев Б. О. телефон: 61-07-33.