ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы сот тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын сот тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына аранлган иш-чара өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун атынан мэриянын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев куттуктап, кызматкерлерге  бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалады.
“Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамынын урматына, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги  үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:


- Фахритдинова Лилия Дарвиновна – Бишкек шаардык сотунун судьясы;


- Бранчаева Сания Измайловна - Бишкек шаардык сотунун судьясы;


- Орозбакова Максат Асанкуловна –  Бишкек шаардык сотунун судьясынын жардамчысы;


- Омуркулова Айпери Мэлисовна – Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун  судьясынын жардамчысы;


- Джайлообаева Айбина  Абдыбаевна – Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун  судьясынын жардамчысы;


- Жылкычы уулу Талгат - үчүн Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун соттук кеңешмесинин катчысы.