ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерде Ак калпак күнү менен куттуктайт!

Ак калпак кыргыз элинин улуттук баш кийими.

Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы, кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Кыргыз эли байыртадан бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу жана ыйык белгиси катары башынан түшүрбөй кийип келген.


Бишкек шаарынын мэриясы  шаар тургундарын Ак калпак күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, тынчтык, бакубат жашоо жана өлкөбүздүн өнүгүшүн каалайт.


Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууду ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп-тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп тиккен. Оюлуп алынган кийиздин кырларын ак, кара, көк, жашыл тукабадан, чийбаркыттан, сатинден, макмалдан, баркыттан, кыжымдан кыюу коюп тигип чыккан. Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө болгон: Балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден; Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден; Азаматтардын, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган. Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады.


2011-жылдан бери 5-март күнү Ак калпак күнү белгиленип келет.