ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жолдорду оңдоо иштерин баштады

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан шаардын жолдорун оңдоо боюнча даярдык иштери башталды. Буга байланыштуу калаанын  айрым жолдорунун бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн жабылды.

Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылды:


- Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин. Узундугу 02 км, туурасы 12 метр. Болжолдуу маалымат боюнча, оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылы 30-июнга бүткөрүү пландалууда.
- Щербаков көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Бакинск көчөсүнө чейин. Узундугу 3,23 км, туурасы 11 метр. Оңдоо иштерин бүткөрүү 18-августка пландалууда.


Ошондой эле, жакын арада төмөнкү көчөлөрдү калыбына келтирүү иштери башталат:


Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;


Токомбаев көчөсү 12-кичирайондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;


Профсоюзный көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин;


Л.Толстой көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;


Көлбаев көчөсз Лермантов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;


Гагарин көчөсү Тагай Бий көчөсүнөн “Ак-Ордо” конушундагы Айбийке көчөсүнө чейин;


Жамгерчинов көчөсү Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин.


Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.

Маалымат үчүн: капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат боюнча шаардагы жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин “Көчө-жол тармагын өнүктүрүү”долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кытай Элдик Республикасынын өкмөтү тарабынан берилген кытай грантынын каражатынын эсебинен жүргүзүү пландалууда.


Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Эшенбаев Нурлан Саматович (31-80-06), Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Өмүрканов Сталбек Калыкович (35-30-11). Муниципалдык менчик жана шаар куруу бөлүмүнүн башчсы - Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич (61-36-92).