ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте бирдик жүктөгөн күркөлөр алынууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Ленин райондук администрациясы менен биргеликте «Кыртелсат» ЖЧКсынын мобилдик төлөмдөрдү кабыл алуу күркөлөрүн алуу иштерин жүргүзүштү.

Алуу иштери “Жогорку Жал” к/районунда, Манас проспектиси – Токтогул көчөсү, Чүй проспектиси 184 “б” – Жаш Гвардия бульвары, Гагарин – Бах көчөлөрү, Калык Акиев – Киев көчөлөрү, Москва – Жаш Гвардия бульвары, Токтогул – К.Акиев көчөлөрү, Фере-Манас, Л.Толстой – Термечиков жана Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 9 төлөм кабыл алуучу күркө алынды. Аталган иштер ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлүүдө.


Жакын арада тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз орнотулган объектилер  алынат.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору -  Иманакун уулу Талант. Телефон 0557 55 70 58