ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн масленица майрамын уюштурду

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, шаардык артисттер Масленица майрамынын алкагында шаар тургундары үчүн концерттик программа даярдады.

“Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда шаардык “Диалог” маданият үйүнүн артисттери концерт коюп, конкурс,  оюн-зооктор өткөрүлдү.  Балдар ар түрдүү конкурстарга,  оюндарга катышып, Масленицанын символу болгон блиныны тамшанып жешти.


Ошондой эле, “Диалог” жана “Радуга” ансамблдери Ленин районундагы карылардын үй-интернатына да концерт коюшту. Бул жерде да ата-апаларга майрамдык сый тамак – блины тартууланды.


Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы - Букеев Мисиралы Каракойчиевич (59-47-35).