ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жаз башталары менен калаанын жолдорун оӊдоо иштери башталат

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиевдин жетекчилиги алдында КЭР өкмөтү тарабынан берилген каражаттын эсебинен «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, калаанын жолдорун оӊдоо иштери 2017-жылдын март айынан тартып башталат.


Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу  токтомуна ылайык, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражатына жалпы узундугу 95 км түзгөн 49 көчө, анын ичинде жаӊы конуштардын көчөлөрү дагы оӊдолот.


Жыйынга «Бишкекбашкыархитектура» МИнин, Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын, Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жана райондук администрацияларынын башчылары катышты.


Оӊдоло турган көчөлөрдүн тизмеси:


1.    Лев Толстой (Шабдан-Баатырдан Ауэзовго чейинки аралыгы)
2.    Оберон (Анкара көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки аралыгы)
3.    Достоевский (Горькийден Лев Толстойго чейинки аралыгы)
4.    Достоевский (Ахунбаевден Анкара көчөсүнө чейинки аралыгы)
5.    Көлбаев көчөсү (Лермонтовдон Ауэзовго чейинки аралыгы)
6.    Лермонтов көчөсү (Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейин)
7.    Фрунзе көчөсү (Осмонкулдан Лермонтовго чейинки аралыгы)
8.     Мамбетов көчөсү (Т. Айтматовдон Шабдан баатырга чейин)
9.     Токтогул көчөсү (Гоголдон Т. Айтматовго чейин)
10.    Сүйүмбаев көчөсү (Москва көчөсүнөн Лев Толстойго чейин)
11.    Т. Айтматов (Түгөлбай-Атадан Жибек Жолу проспектисине чейин)
12.    Осмонкул (Жибек Жолунан Курманжан даткага чейин)
13.    Элебесов көчөсү (Бажы терминалынан түндүк айлампа жолуна чейин)
14.    Профессор Зима көчөсү (№81 мектептен Бухара көчөсүнө чейин)
15.    Саадаев көчөсү (Тоголок Молдодон Орозбековго чейин)
16.    Орозбеков көчөсү (Жибек Жолунан Саадаевге чейин)
17.    Тоголок Молдо көчөсү (Жибек Жолунан Саадаевге чейин)
18.     Щербаков көчөсү (Махатма Гандиден Баку көчөсүнө чейин)
19.     Баялинов көчөсү (мурунку Ленинград) (Махатма Гандиден Баку көчөсүнө чейин)
20.    Новая көчөсү (Пригородныйдан Новая көчөсүнө чейин) менен Суеркулов көчөсү (Боталиевден Новая көчөсүнө чейин)
21.    Профсоюзная көчөсү (Фучиктен Кустанай көчөсүнө чейин)
22.    Кустанай көчөсү (Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюзная көчөсүнө чейин)
23.    Садыгалиев көчөсү (Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюзная көчөсүнө чейин)
24.    Салтанат көчөсү (Кайназаровдон П. Лумумбага чейин)
25.    Мурманск көчөсү (Садыгалиевден Алыкуловго чейин)
26.    Гагарин көчөсү (Тагай Бий көчөсүнөн Айбийкеге чейин)
27.    Лущихин көчөсү (Фрунзеден Алыкуловго чейин)
28.    Лев Толстой көчөсү (Садыгалиевден Алыкуловго чейин)
29.     Жамгырчинов көчөсү (Интергельподон Садыгалиевге чейин)
30.    Акиев көчөсү (Бөкөнбаевден Жибек Жолу проспектисине чейин)
31.    Рыскулов көчөсү (Жаш Гвардия бульварынан Турусбековго чейин)
32.    Турусбеков көчөсү (Чуйковдон Жибек Жолу проспектисине чейин)
33.     Тыныстанов көчөсү (Линейная көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин)
34.    Токтоналиев көчөсү (Масалиевден Кулатовго чейин)
35.    Медеров көчөсү (Панфиловдон Токтоналиевге чейин)
36.     Малдыбаев көчөсү (Ахунбаевден Тынчтык проспектисине чейин)
37.    Малдыбаев көчөсү (Ахунбаевден Масалиевге чейин)
38.    Тыналиев көчөсү (Ахунбаевден Жайыл баатыр көчөсүнө чейин)
39.    Репин көчөсү (Түштүк магистралдан Күйүкова көчөсүнө чейин)
40.     Ахунбаев көчөсү (Садырбаевден Тагай бий көчөсүнө чейин)
41.     Алыкулов көчөсү (Муромская көчөсүнөн (ТЭЦ-2) Өмүракуновго чейин)
42.    Күйүкова көчөсү (Садырбаевден Муромскаяга чейин)
43.     Шералиев көчөсү (Түштүк магистралынан №18 көчөсүнө чейин)
44.    Иманалиев көчөсү (Түштүк магистралынан Абдрахмановго чейин)
45.     Абдрахманов Түштүк магистралынан (Тынчтык проспектисинен Чортеков көчөсүнө чейин)
46.    Орто-Көчө (Садырбаевден Ветеринарная көчөсүнө чейин)
47.    Түштүк-чыгыштагы турак үйлөргө алып баруучу жол (Көпүрө кошо курулат)
48.    Каралаев көчөсү (Куттубаевден Токомбаевге чейин)


49.    "Мурас-Ордо" жаңы конушуна кире бериш (Озерное айылынан "Мурас-Ордого" чейин) жана чоң жол.


Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Эшенбаев Нурлан Саматович (31-80-06), Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Өмүрканов Сталбек Калыкович (35-30-11).