ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептери видеокөзөмөл менен камсыздалат

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык администрациялардын башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү. Жыйын Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыковдун жетекчилиги алдында өттү.

Жыйында Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча маалымат берди. Өспүрүмдөр арасында ар түрдүү укук  бузууларды алдын алуу жана жоюу максатында калаанын 91 мектебинде видео көзөмөл орнотулган. Азыркы учурда калаанын дагы үч мектебине видеокөзөмөл орнотулуп жатат. Жакында балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында калаанын бардык мектептеринде 100% видеокөзөмөл орнотулат.


Мындан тышкары калаанын мектептеринде сабактан тышкаркы ийримдер өткөрүлөт. Бул жылы жалпысынан эки миӊдей ийрим жана секциялар өткөрүлүп,  60 миӊ 496 баланы камтыды.
Жол тармагын өнүктүрүү маселесин талкулоо учурунда Эрнис Зарлыков Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевге оӊдоо иштери тууралуу шаар тургундарына маалымат берип турууну тапшырды.


Шаарды көрктөндүрүү маселеси боюнча «Жашылдандыруу курулуш»  муниципалдык ишканасынын башчысы Токтобек Элгондиев магистралдык каналдарга тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын жана жакында көчөттөрдү отургузуу иштери башталарын билдирди.


Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы.