ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте эне тил күнү белгиленди

«Диалог» шаардык маданият үйүндө Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Калаанын мектептеринин окуучуларына Кыргызстан элдер ассамблеясынын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Концерттин жүрүшүндө кыргыз, орус, татар жана украин тилдеринде ырлар ырдалып,  биринчи жолу украин тилинде «Манас» эпосунан үзүндү айтылды.  Ошондой эле «Ата-Журт» бийчилер тобунан кавказ бийи тартууланды.


Маалымат: 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999-жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген.

 

2000-жылдан тарта белгиленип келет. Бул датанын майрам катары тандалып алынышынын себеби - 1952-жылы 21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы 2008-жылды Тилдердин эл аралык жылы деп жарыялаган.


Маданият башкармалыгынын башчысы - Букеев Мисиралы Каракойчиевич (59-47-35).