ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда мыйзамсыз орнотулган штендерлер алынды

Свердлов районунун экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» жана МАБдардын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкцияларын аныктоо боюнча рейд өткөрүштү.

Бир канча сааттын ичинде уруксат документтери жок муниципалдык жерге орнотулган 50 штендер алынды. Бүгүн монтаждоо иштери Абдрахманов, Москва, Сүйүнбаев, Курманжан Датка, Ибраимов, Шопоков көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде жүргүзүлдү.


Аталган жарнама ээлерине бир нече жолу мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуу боюнча эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөр аткарылбагандыгына байланыштуу алуу иштери өткөрүлдү.


Аталган багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.