ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкекасфальтсервис” тосмолорду орнотуп, ирригация тутумдарын оңдоп жатат

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Манас проспектисине темир тосмолорду орнотуу жана проспектинин эки тарабындагы ирригация тутумун оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Учурда ишкананын кызматкерлери тарабынан 90 темирбетондук тосмо орнотулуп жатат. Тосмолор айдоочулардын коопсуздугу үчүн жана жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу максатында орнотулууда. Ошондой эле жазгы сугат мезгилине даярдыктарды көрүү  максатында Жибек-Жолу проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин ирригациялык арыктарды орнотушууда.


Урматтуу шаар тургундары! Урматтуу айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы өткөрүлүп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен кароого чакырат.


“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын башчысы Амантуров Мирлан Казылаевич. (37-77-17).