ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте автоустаканалар калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жамбыл көчөсү №36 дарегинде жайгашкан автоустакананын кызматкерлери тарабынан кургак тиричилик калдыктары белгиленбеген жерге чогултулгандыгы, ошондой эле 2017-жылга таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү жана Бишкек шаарынын  көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан аталган жайдын ээси Рьмариясов С. атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы -  Данияр Сулайманов. Телефон: 0312 65-81-59, 0550 17-31-70.