ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарынын айланасын иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө

Ленин райондук администрациясы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы шаардык ИИББ, райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Ош базарынын айланасындагы башаламан сооданы, ошондой эле мыйзамсыз орнотулган чарба объектилерин аныктоо боюнча ири масштабдуу рейд өткөрдү. Рейд Рыскулов, Бейшеналиева, Москва жана Павлов көчөлөрүнүн айланасында жүргүзүлдү.


Аталган рейд шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу жана башаламан соодага бөгөт коюу максатында өткөрүлдү.


Рейддин жүрүшүндө мейманкана, сауна, соода түйүндөрү, мыйзамсыз уюштурулган унаа токтотуучу жайлар текшерилип, аныкталган бузуулар боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти бузгандарды кармоо иштери жүргүзүлдү (интимдик кызмат көрсөткөн ж.б.).


Ошондой эле рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган 50 жарнама конструкциясы алынды. 137 үй текшерилип, анын ичинен 27 үйдө мейманкана уюштурулгандыгы аныкталды. Башка мейманканалардан коммерциялык интимди кызмат көрсөткөн 10 кыз кармалды.


Ленин районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан өздүгүн тактай турган документи жана күбөлүгү жок 21 адам кармалды. Аларга карата «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №387 беренеси боюнча протокол түзүлдү.


Аталган багыттагы иштер дайыма жүргүзүлүп турат.


Өткөрүлгөн рейддер боюнча бардык маселелер менен Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Адилет Малдыбаевге кайрылсаӊыздар болот. Телефон: (0312) 65-38-76, 65-69-11.