ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Тоголок Молдо – Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Киев көчөсүндөгү №114 үйүнүн түштүк-батыш тарабындагы эки кабаттуу имаратты түрттүрүүдө. Шаардык кызмат тарабынан бир ай мурун имаратттын ээси А.Канатовага  түрттүрүү боюнча эскертүү берилген. Бирок, имараттын ээси тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес.


Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүндө, Тынчтык, Чүй проспектилеринде, ошондой эле Жибек-жолу, Фучик көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкцияларын алуу иштери улантылууда. Аталган көчөлөрдөн 260 жарнама такталары алынды.


Эскерте кетсек, өткөн жумада Панфилов-Абдымомунов көчөлөрүндө жайгашкан  «Домино» кафеси түрттүрүлдү.


Түрттүрүү иштери Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барышат.


Жакын арада тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз курулган бир нече курулуш түрттүрүлөт.


Маалымат: Ыкчам штабдын төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев. Телефон: 61-08-20.


Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору  Талант Иманакун уулу. Телефон 0557 55 70 58, 89 19 26.