ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү

Калаанын төрт районунда теӊ Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Свердлов райондук администрациясы иш-чараны А.Умуралиев атындагы шаардык драм театрында өткөрдү. Район башчысы Самарбек Болотбеков согушта курман болгондордун ата-энелерине 7 миӊ сомдон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аскер-интернационалисттерге 5 миӊ сомдон жана аскер-интернационалисттерге 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүп, Умуралиев атындагы шаардык драм театрынын артисттери тарабынан концерттик программа тартууланды. Райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 166 аскер-интернационалист турат. Анын ичинен 8 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, 4 Ооган согушунда жана Баткен окуяларында курман болгон аскерлердин  ата-энелери.


Биринчи май райондук администрациясы П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектебинин залында Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүп, 194 Ооган согушуна жана Баткен окуясына катышкандарды чакырды. Чакырылгандар үчүн кыска метраждуу документалдык тасма көрсөтүлүп, материалдык жардам берилди.


Октябрь районунда иш-чара  №3 орто мектебинде район башчысы Нурбек Курманбековдун катышуусунда өттү. Иш-чарага республикалык жана шаардык ооган аскерлеринин кеӊешинин жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер кеӊешинин өкүлдөрү, ошондой эле ооган согушунан курман болгондордун үй-бүлөлөрү, жакындары, Ооган жана Баткен окуяларынын катышуучулары жана майып болгондор катышты.


Бардык чакырылгандарга материалдык жардам көрсөтүлдү. Согуштун майыптарына – 4 миӊ сомдон, согуштан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө – 6 миӊ сомдон жана согуштун катышуучуларына – 1000 сомдон жардам берилди.


Жыл сайын райондук администрация Ооган согушунун катышуучуларына материалдык жардам көрсөтөт. Бул жылы райондук администрациядан 300 миӊ сом бөлүндү.


«Шайыр балалык» жана №3 мектептин балдар чыгармачылык борборунун жамааты катышуучуларга майрамдык концерт тартуулады.


Бүгүнкү күндө Октябрь районунда Ооган согушуна жана Баткен окуясына катышкан 214 адам жашайт.


Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев ооган согушуна катышкан аскер-интернационалисттерди куттуктап, эрдиктерин белгилеп, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.


Иш-чарада согушта курман болгондор эскерилип, аскер-интернационалисттерге администрация тарабынан Ардак грамота, ошондой эле бир жолку материалдык жардам тапшырылды. Согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө – 5 миӊ сомдон, майып болгондорго – 5 миӊ сомдон жана окуяга катышкандарга – 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.


Салтанаттуу иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.

 

Ленин району

Октябрь  району

Биринчи май району

Свердлов району