ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баланы кантип бала бакчага киргизүү керек?

Бишкек шаарынын мэриясы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда кандай документтер керектигин билдирет.

Баланы бала бакчага киргизүү үчүн райондук билим берүү борборунун жетекчисинин атына арыз жазуу керек, ошондой эле Бишкекте жашагандыгы тууралуу билдирүү менен туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана ата-энелеринин паспортторунун көчүрмөлөрү керектелет. Жеӊилдик укукту пайдаланууда  аныктаган документтердин көчүрмөлөрү (маалымат, күбөлүк) зарыл.


Ошондой эле билим берүү адистеринин сунуштары боюнча, баланы электрондук реестрден каттаттуусу зарыл. Бул боюнча арыздануучу Бишкекте жашаган жери боюнча райондук Билим берүү борборуна кайрылып, берилген үлгүдө арызды толтуруусу керек. Райондук билим берүү борборунун адистери  шейшемби жана бейшемби күндөрү  саат 12:00дон 17:00го чейин (түшкү тамактануу 12:00дон 13:00 го чейин) 10 жумушчу күндүн ичинде баланы электрондук реестрден каттоодон өткөрөт. Каттоо жыл бою жүргүзүлөт.

Электрондук реестрине баланы каттоодон баш тартуу үчүн  негиздер болуп  арызда керектүү маалыматтардын жоктугу, туура эмес толтурулгандыгы  же тизмеге ылайык документтердин жоктугу саналат.

Арыз берүүчүгө РББ аркылуу электрондук журналдан баланын кезегинин жүрүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуу үчүн негиз болуп РББ колу жана мөөрү басылып берилген жолдомо-багыттама эсептелинет. Бала бакчага берилген жолдомо себепсиз 10 күндүн ичинде колдонулбаса, анда жолдомо жараксыз деп эсептелинип, бала 10 күндөн кийин жолдомо берилген  бала бакчага  кирүү укугунан ажырайт.


Ата-энелер балдарын катталган жериндеги бала бакчага бош орун болгон учурда бере алышат. Ата-энелер үчүн эрежелер менен бирге милдеттери дагы бар. Ата-энелер айдын 10-чу числосунан кечиктирбестен Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттарынын токтомунун негизинде балдардын тамактануусуна кеткен чыгымдын 50% төлөөгө милдеттүү.

Эгерде бала ооруп калса, медициналык маалым катын көрсөтүү менен бала бакчадагы орду сакталат.
Баланы бала бакчадан чыгаруу төмөнкү учурларды жүргүзүлөт: балдардын ата-энелеринин арыздарынын негизинде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барууга тоскоолдук жараткан оору боюнча дарыгердин кортундусунун негизинде, 7 жаштагы 1-класска бара турган балага.

Жеӊилдик менен кирүү категориялары бар. Биринчи кезекте бала бакчадан кезексиз орун алууга укугу бар арыз берүүчүнүн арызы каралат.  Кезексиз иретте КР Мызамында көрсөтүлгөн жарандарга – көп балалуу үй-бүлөлөрдүн (5 же андан көп) балдарына, I жана  II топтогу майыптардын балдарына, жетим жана жарым-жетим балдарга, көзөмөлсүз калган балдарга, аскердик окуяларга катышкан үй-бүлөлөрдүн балдарына (апрель окуясынын катышкан жана курман болгондордун), муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин балдарына, Бишкек шаарынын муниципалдык бюджеттик уюмдарында иштеген кызматкерлердин балдарына, КР мыйзамында каралган жеӊилдик берилген жарандардын балдарына жеӊилдиктер берилет.

Бишкектин бала бакчаларында төмөнкү курактык топтор бар: 2 жаштан 3 жашка чейин наристелер тобу, 3 жаштан 4 жашка чейин кенже тобу, 4 жаштан 5 жашка чейинки ортоӊку топ, 5 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн жогорку курактагы топ жана 6 жаштан 7 жашка чейинки балдарды мектепке даярдоо тобу. Наристелер тобу  № 1, 2, 5, 15, 30, 31, 44, 51, 94, 100, 107, 112, 145, 157, 162, 165, 181, 182 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында гана иштейт.

Акыл-эс жана денесинин өсүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдарын ата-энелери балдарын адистештирилген бала бакчага берүү жана шаардык Психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңеш берүү комиссиясынын текшерүүсүнөн өтүүлөрү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: психиатордон ПМГК жолдомо кагазы, баланын медициналык китепчеси, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энелеринин паспортторунун көчүрмөлөрү жана иштеген жеринен маалым кат.

2017-жылы шаардык Психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңеш берүү комиссиясынын курмаына төмөнкүлөр кирет:


1.     Кононенко Зоя Владимировна – комиссиянын төрайымы;

2.     Дмитриева Ирина Николаевна -  психолог;

3.     Калыбаева Салы Бейшенбаевна - сурдолог ;

4.     Исмаилова Гульмира Мырзабековна - логопед;

5.     Атантаева Динара Байсариевна - психиатр;

6.     Капарова Чинара Макашевна – сурдолог;

7.     Дүйшебаева Айнура Сыргабековна - олигофренопедагог;

8.     Сулайманкулова Раушан Насритдиновна - олигофренопедагог;

9.      Жаныбекова Бегаим Жаныбековна - лаборант;

10.   Кемелова Асель Кемеловна- лаборант.

Азыркы учурда калаада бала бакчалардын жетишпегендигине байланыштуу шаардык муниципалитет  жаӊы бала бакчаларды куруу жана мурдагы бала бакчалардын имараттарын кайтарууну пландоодо.

Акыркы жылы муниципалитетке 11 имарат кайтарылып, оӊдолду. Жакын арада «Көлмө» жаӊы конушундагы 140 орунду бала бакчанын курулуш иштери жыйынтыктоо пландалып жатат.
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы - Мейрманова Сауле Жаксылыковна, башчынын орун басары  - Никифорова Наталья Васильевна, Психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңеш берүү комиссиянын төрайымы - Кононенко Зоя Владимировна (61-39-55), мектеп жана мектепке чейинки билим берүүнүн жетектөөчү адиси - Астраханова Светлана Зарлыковна. т: 61-39-72.

Маалымат: Бүгүнкү күндө калаада 84 мектепке чейинки билим берүү уюму иштейт. Анын ичинен 11 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму.