ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунун көчөлөрүн капиталдык оӊдоого даярдоодо

2017-жылы Свердлов районунда жалпы узундугу 24,69 км түзгөн 14 көчө оӊдолот.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, 1-марттан баштап төмөнкү көчөлөрдүн жолдорун  реконструкциялоо жана реаблитациялоо иштери жүргүзүлө баштайт:


- Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;


-Лермонтов көчөсү Чүй проспектисинен Жибек –Жолу проспектисине чейин;


-Орозбеков көчөсү Жибек –Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;


-Щербаков көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин;


-Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин.


Азыркы күндө аталган көчөлөрдө жолду оӊдоого тоскоол болгон жеӊилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери жүргүзүлүүдө. Баардыгы 942 объект алынат.


Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы  - Эшенбаев Нурлан Саматович (31-80-06).