ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов А.Токомбаев атындагы музейдин иштери менен таанышты

Калаа башчысы Албек Ибраимов Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейине барып, анын иши менен таанышты.

Музейдин кызматкерлери Албек Ибраимовго музейдин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, көргөзмө залдарга экскурсия уюштурушту. Музей 1990-жылы ачылып, 3 көргөзмө, 3 мемориалдык залдан турат. Музей Социалисттик эмгектин баатыры, акын, жазуучу Аалы Токомбаевдин өмүр чыгармачылыгына арналган. Музейдин фондунда 4 миӊ 475 экспонанттар – жеке буюмдары, китепкана, чыгармалары, фотодокументалдык материалдар, орден жана медалдары, сувенирлери жана Токомбаевдин жеке каттары бар.


Маалымат: Акын Аалы Токомбаев Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган. 1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат. 1923–1927-жж. В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган. 1927-жылы Чүй кантонунда РОНОнун башчысы болуп иштейт. 1927–1929-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1930–1931-жж. Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, 1931-жылдан Кыргызмамбастын башкы редактору, 1934–1949-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага, ошол эле жылдары «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун директору, 1955–1956-жж. «Чалкан» сатиралык журналынын башкы редактору болгон.