ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ченемге туура келбеген сөздөрдөн арылуу күнү ɵткɵрʏлдʏ

Борборлоштурулган китепкана тармагынын Касым Тыныстанов атындагы №5китепканасында “3-февраль – ченемге туура келбеген сөздөрдөн арылуу күнү” акциясы болуп өттү.
Акциянын жүрүшүндө окурмандар улуттук жүрүм – турум жана кеп маданияты жөнүндө кыргыздын макал – лакаптарынан , ойчул акындар Арстанбек Буйлаш уулунун , Калыгул Бай уулунун айткандарынан түзүлгөн буклеттер , плакаттар менен таанышышты. Катышуучулар менен бирдикте сылыктыкка чакырган жана ченемге туура келбеген сөздөрдөн арылууга үндөгөн атайын баракчалар аймактагы жашоочуларга таратылды.
 
Иш-чара адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, сөгүнгөн сөздөрдү колдонбоого үндөө максатында ɵттʏ.