ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери калаанын жолдорун кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүштү

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түнкү саат 02:00до калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерине чыгышты. Азыркы учурда тазалоо иштерин шаардык кызматтардын 550 кызматкери жүргүзүүдө.

Калаанын жолдорун, аялдамаларын жана тротуарлардын кардан жана муздан тазалоо үчүн 23 бирдик атайын техника тартылды. Таӊ эртеден тартып «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Муниципалдык  аймактык башкармалыктардын короо шыпыргычтары тазалоо иштерин жүргүзүшүп, жалпысынан тазалоого 498 короо шыпыргыч чыкты. Биринчи май районунан – 144 адам, Ленин районунана – 131, Свердлов районунан – 110Чоӊ-Арыктан -16 адам.


Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.