Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормаларды бузгандарды аныктоону улантууда
- Подробности
- Опубликовано 31.01.2017 11:50
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан П.Лумумбы көчөсүнүн Талды-Суу көчөсү менен кесилишиндеги маршуттук таксилердин акыркы аялдамаларынын санитардык абалы текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө маршуттук таксинин акыркы аялдамасы антисанитардык абалга жеткендиги, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды. Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө Көлбаев көчөсү 34 дареги боюнча «Движение» ТЭШ айланасы антисанитардык абалган жетип, таштандылар башаламан ташталгандыгы аныкталды.
СЭИ инспекторлору тарабынан «Лига», «Куюн», «Элек» ЖЧКларынын башчыларынын жана «Движение» ТЭШ төрагасынын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов. Телефон 0312 65-81-59, 0550 17-31-70.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |