ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Түрк элинин улуу акыны” аттуу иш-чара болуп өттү

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын Касым Тыныстанов атындагы №5 китепканасы тарабынан Н.Хикметтин 115 жылдыгына арналган “Түрк элинин улуу акыны” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Окурмандарды Түрк элинин акыны Назым Хикметтин эмгекчи элдин мүдөөсүн жактап, аларды эркиндикке чакыргын жалындуу ырлары менен тааныштыруу жана анын чыгармачылыгы тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүп, иш-чарада  студенттерге Н.Хикметтин коомдук иштери, чыгармачылыгы, анын куугунтукка алынганы, түрмөгө камалышы тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле акындын түрмөдө жазылган ырлары окулуп, акындын китептеринен көргөзмө уюштурулду.