ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Ак-Кула» ипподрому мэриянын менчигине өткөрүлүп берилди

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, «Ак-Кула» ипподрому Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп, аны ыкчам башкаруу укугу шаардык Дене тарбия жана спорт башкармалыгына берилди.

1979-жылы 20-декабрда Кыргыз ССР эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруучу комитетинин чечими менен Термечиков көчөсүндөгү 57,4 гектар жер Фрунзе мамлекеттик ипподромуна берилген.


1995-жылы 30-октябрда ипподромду Бишкектин өзүн-өзү башкаруу башкармалыгына берилчү имараттардын катарына кирген. Ал эми 1996-жылы 12-апрелде мэриянын карамагына берилген.


1997-жылы мамлекеттик "Ак-Кула" АКы мыйзамсыз түрдө кайрадан "Ак-Кула" акционердик коому болуп түзүлүп, анын 80 пайыз акциясы жамаатка берилген. Калган 20 пайызы Айыл-суу чарба министрлигине бекитилген. 2013-жылы 18-октябрда Ленин райондук прокуратурасынын көмөгү жана Бишкектин райондор аралык соту Айыл-суу чарба министрлигинин жер жана агрардык реформа боюнча чечимин жокко чыгарды.


2017-жылдын январь айында Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына өткөрүлүп берилди.