ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жеке кабыл алуусу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун шаар тургундарын жеке кабыл алуусу өткөрүлдү.

Кабыл алууда мыйзамсыз курулуш жана соода объектилери үчүн жер тилкесин бөлүү, ирригация тутумун жакшыртуу маселелери айтылды. Шаар тургундары калаа башчысына Жаш Гвардия – Ленинград көчөлөрүндөгү сейил бакты жашылдандырууну сунушташты.


Пенсионер, шаар тургуну Владимир Петров мэрге өзүнүн «Бишкек, жоголуп бараткан Пишпек – Фрунзе - Бишкек» автордук китебин белек кылып, шаарды өнүктүрүүдө аткарып жаткан иши үчүн ыраазычылык билдирди. Кезегинде Албек Ибраимов жазуучуну шаар күнүнө карата  29-апрелде өтө турган сүрөт көргөзмөгө чакырды.