ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Ленинград курчоосунун ачылышына арналган митинг-реквием болуп өттү

Д.Асанов атындагы паркында Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш маалында Ленинград шаары душмандын блокадасынан толук бошотулгандыгынын 73 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.

Курман болгондорду эскерүү иш-чарасына шаар тургундары, окуучулар, Ленинград блокадачылары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрайымы Анна Кутанова, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, Коргоо кеӊешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орузбаев, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, КР РФ Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Крутько катышты.


Митинг-реквиемдин соӊунда эстеликке гүлдөр коюлду.